Тобиас Элистер Патрик "Тоби" Кеббелл (англ. Toby Kebbell;1982-жылы 9-июлда туулган) — англиялык сахна жана кино актеру. Ал "Маркумдун бут кийими" (англ. Dead Man's Shoes, 2004) "Рок-н-Роллчу" (англ. RockNRolla, 2008), Персиянын ханзаадасы: Убакыт куму (англ. Prince of Persia: The Sands of Time, 2010), "Согуш аты" (англ. War Horse, 2011), "Титандардын каары" (англ. Wrath of the Titans, 2012), "Маймылдар планетасынын таң жарыгы" (англ. Dawn of the Planet of the Apes, 2014), "Фантастикалык төрттүк" (англ. Fantastic Four, 2015), "Согуш өнөрү" (англ. Warcraft, 2016), "Макулуктун үнү" (англ. A Monster Calls, 2016) жана "Алтын" (англ. Gold, 2016) сыяктуу кинолордо өзүнүн ролу менен белгилүү болгон. Ошондой эле ал "Кара күзгү" (англ. Black Mirror) сериалынын "Сенин бүткүл тарыхың" эпизодунда тартылган. Анын акыркы катышкан тасмаларынын бири 2017-жылдын март айында жарык көргөн "Коң: Баш сөөк аралы" (англ. Kong: Skull Island) болуп саналат.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү