Тобол, Tобыл – Казакстан жана РФтин Түмөн областындагы дарыя, Иртыштын сол куймасы. Уз. 1591 км, алабынын аянты 426 миң км2.

Башталышында Торгой платосу, ортонку жана төмөнкү агымында Батыш Сибирь түздүгү аркылуу агат. Алабында бир нече көл бар. Ири куймалары: Исеть, Тура, Тавда (сол). Орточо чыгымы 805 м3/сек. Кар жана жамгыр суусунан куралат. Баш жагында апрелдин 1-жарымынан июлдун ортосуна чейин суусу кирет. Жылына 1600 мин шиленди агызып келет. Төмөнкү агымы ноябрда, жогорку бөлүгү ноябрдан майга чейин тоңот. Жогорку бөлүгүндө 105 кмге жана Тура суусу куйгандан кийин 255 кмге чейин үзгүлтүксүз кеме жүрөт. Сал агызылат. Балык кармалат. Нугунда суу сактагычтар курулган. Боюнда Лисаковск, Рудный, Костанай, Курган, Ялуторовск ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4