Товар өндүрүшү - соода үчүн продукту чыгаруучу коомдук өндүрүш формасы.

Өндүрүш каражаттарынын жеке менчиктигине жана товар чыгаруучулардын, алардын үй-бүлөлөрүнүн жеке эмгегине негизделген жөнөкөй Товар өндүрүшү (майда товардык) алгачкы жамаат коому ыдырап, эмгектин коомдук бөлүнүшүнүн мезгилинде пайда болуп, жеке керектөөлөрдү канааттандырып турган.

Тарыхый өнүгүүнүн белгилүү баскычында жеке менчикке жана өндүрүш каражаттары жок жалданма жумушчулардын эмгегине негизделген Товар өндүрүшү пайда болот. Товар өндүрүшү жалпы жана үстөмдүк кылуучу өндүрүш формасы болуп калат; жумушчу күчү товарга айланат. Товар өндүрүшүнүн максаты - пайда табуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9