Тоголок жыгачта туруп, тоголотуп жылуу

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн аятча да өткөрүлөт.

Оюнда узундугу 50 см. келген тоголок жыгачтар колдонулат.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар бир катар болуп турушуп, тоголок жыгачтарын буттарынын астыңа коюшуп, оюн өткөрүлүүчү аралык жана анын шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар бирөөсүнүн буйругу боюнча, оюнчулар тоголок жыгачтарда буттарында турушуп, буттары менен тоголотушу, белгиленген аралыктан өтүүгө аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы Мүмкүн. Марага биринчи келген оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Буйруктан мурда аракеттенүүгө» тоголок жыгачтан түшүп, жыгачсыз жүрүүгө, марага жетпей аракеттенүүнү токтотууга, бир бирине жакын турууга, тоскоолдук кылууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюнчулар бир бирине жакын турбашы керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч чыдамкайлыкка тарбияланат, тең салмакты сактоого, кыймылдарды башкарууга, коюлган максатка жетүү, үчүң ынтыгууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү