Касымов Тойчубек (1946-ж. т., Талас району, Көпүрө-Базар айылы) — мамлекеттик ишмер, ветеринария илимдеринин кандидаты.
Эмгек жолун Талас районундагы «Каракол» колхозунда колхозчулуктан баштаган.
1970-ж. К. И. Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүткөн.
1970-жылдан Чүй районундагы «Кегети» асыл тукум мал өстүрүү совхозунда ветеринар, 1973—75-ж. ошол эле чарбада башкы ветеринар.
1975—77-ж. Чүй районунун ветеринариялык станциясынын начальниги, 1977—85-ж. Чүй районундагы «Шамшы» совхозунун директору, 1985—88-ж. Чүй райондук аткаруу комитетинин айыл чарба башкармасынын начальниги.
1988-ж. Бакай-Ата (мурдагы Ленинполь) райондук аткаруу комитетинин төрагасы.
1991-ж. Чүй облустук мамлекеттик ветеринариялык борбордун начальниги, ошол эле жылы республикалык «Ветеринария» мамлекеттик бирикмесинин башкы директору.
1992-ж. кайрадан Чүй облустук ветеринариялык борбордун начальниги.
1992-ж. Талас облустук айыл чарба башкармасынын жетекчиси. Ошол эле жылдын 6-ноябрынан Талас облустук мамлекеттик администрациянын башчысы.

Касымов Тойчубек

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.