Ток, талаанын кванттык теориясындa — бир бөлүкчөнүн башка бөлүкчөгө айлануусун же бөлүкчөнүн жана антибөлүкчөнүн пайда болушун сүрөттөөчү математикалык туюнтма.

Лоренц кайра түзүүсүндө төрт өлчөмдүү вектор катары өзгөртүлүп түзүлүүчү операторду элестетет. Токтун төмөнкүдөй түрлөрү бар:

  • 1) вектордук жана аксиаль-вектордук Ток;
  • 2) электр-магниттик жана алсыз Ток (электр-магниттик, начар өз ара аракеттешүүнүн эсебинен болгон өтүштү сүрөттөйт);
  • 3) адрондук жана лептондук Ток (адрондордун жана лептондордун өтүшүн сүрөттөйт);
  • 4) заряддалган жана бейтарап Ток;
  • 5) кызыктуу жана кызыксыз Ток

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4