Токмок-Салды - Чаткал районундагы суу, Чандалаштын оң куймасы. Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасы аркылуу агат.

  • Узундугу 18 км, алабынын аянты 189 км2, деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 3400 м.
  • Пскем кырка тоосунун түндүк-чыгыш капталындагы мөгүдөн башталып, түндүктөн түштүктү карай кууш капчыгай аркылуу агат да, Чандалашка куят.
  • Алабы мөңгүлүү.
  • Суу куралуу облусуна кирет.
  • Бир оң куймасы бар.
  • Негизинен мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат.
  • Жылдык орточо чыгымы 2 мЗ/сек, эң азы январь - февралда, эң көбү июнь - июлда байкалат.
  • Сугатка пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Чаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6