Токобаев, Марат Молдогазиевич

Токобаев Марат Молдогазиевич (1932-ж. т., Каракол ш.) — биолог, биология илимдеринин доктору (19731 Кыргыз УИАнын корреспондент мүчөсү (1977). М. Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик институтун бүтүргөн.

1958—61-ж. Кыргызстан ИАнын Биология институтүнун илимий кызматкери, 1961-жылдан ушул эле институттун гельминтология лабораториясынын башчысы, 1975-жылдан институттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, 1980-жылдан директору.
Токобаевдин жетекчилигинде Кыргызстанда жерде-сууда жашоочу, сойлоп жүрүүчү жаныбарлардын, канаттуулар менен сүт эмүүчүлөрдүн гельминттери (мите курттар) изилденген.
Илимий изилдөө иштеринин негизги багыттары адамдын чарбалык иш-аракеттеринин таасиринин улам күчөп жаткан шартында Кыргызстанда жапайы жана үй айбанаттарынын гельминттеринин пайда болуу закон ченемине арналган.

Токобаев 100 илимий эмгектин (анын ичинде 9 монография) автору.

Орус тилиндеги эмгектери түзөтүү

  • Вредные грызуны и биологические меры борьбы с ними. — Фр.: 1968 (соавт);
  • Млекопитающие Киргизии. — М.: 1972 (соавторст.);
  • Гельминты диких млекопитающих Средней Азии. — Фр.: 1976;
  • Трематоды фауны Киргизии. — Фр.: 1978.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.