Токобаев, Молдогазы (1905–1974) - акын, драматург жана коомдук ишмер.

Өмүр баяны түзөтүү

Молдогазы Токобаев азыркы Ысык-Көл районуна караштуу Тору-Айгыр айылында 1905-жылы туулган. v 1921-жылы Караколдогу жетим балдар үйүндө тарбияланып, андан Түп районундагы айыл чарба техникумуна которулуп, анда 1926-жылга чейин окуйт.
1926–1929-жж. Каракол жана Нарын Кантонунда комсомолдун катчысы,
1929–1931-жж. Москвадагы Коммунисттик университетте окуп,
1931–1936-жж. Кочкор райондук партия комитетинин катчысы жана Сакалды МТСинин саясий бөлүмүнүн начальниги,
1936–1937-жж. «Кызыл Кыргызстан» гезитинин редактору,
1937–1938-жж. Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын директору,
1938–1940-жж. Жалал-Абад облустук аткаруу комитетинин төрагасы,
1940-жылы Кыргызстан Борбордук партия комите-тинин катчысы,
1941-жылы Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун төрагасы,
1944-жылы Талас облустук партия комитетинин биринчи катчысы,
1948-жылга чейин Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы радиокомитеттин председатели,
1953–1957-жж. «Советтик Кыргызстан» гезитинин сын жана библиография бөлүмүн башчысы болуп иштеген.

. түзөтүү

1924-жылы «Эркин-Тоо» гезити чыга баштаганда М.Токобаевдин «Кайсы убак», «Жан карындаш» деген ырлары жарыяланат.
1931-жылы М.Токобаевдин биринчи «Ырлар жыйнагы», 1947-жылы орус тилинде «Мы друзья Ленинграда» деген китеби чыккан.
М.Токобаев кыргыз драматургиясына негиз салуучулардын бири. Кыр-гыз элинин театр искусствосу 1928-жылы жазылган М.Токобаевдин «Кай-гылуу Какей» аттуу пьесасы менен башталат.
Кыргыз элине жана адабиятына сиңирген эмгеги үчүн М.Токобаев Ленин, эки жолу «Ардак белгиси» ордени, «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», «1941–1945-жылдардагы Улуу Ата-Мекендик согушта каарман эмгеги үчүн» медалдары жана Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун Ардак грамоталары менен сыйланган. СССР Жогорку Советине, Кыргыз ССР Жогорку Советине жана жергиликтүү советтерге бир нече жолу депутат болуп шайланган.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ түзөтүү

Кыргыз тилинде

Ырлар жыйнагы. – М.: СССР элдеринин Борбордук басмасы жана Кыр-гызмамбас, 1931. – 118 б.

Экинчи ырлар жыйнагы. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1937. – 114 б.

Комсомолка. – Ф. – Казан: Кыргызмамбас, 1938. – 47 б.

Какей: 4 көшөгөлүү драма. – Ф. Казан: Кыргызмамбас, 1938. – 35 б.

Ырлар жыйнагы. I бөлүм. – Ф.: Кыргызмамбас, 1939. – 120 б.

Эрдин күчүн эл сынайт. – Ф.: Кыргызмамбас, 1940. – 59 б.

Эмгек булагы. – Ф. – Казань: Кыргызмамбас, 1941. – 101 б.

Гүлдөгөн турмуш. – Ф.: Кыргызмамбас, 1950. – 104 б.

Шайыр жаштар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 36 б.

Шаңдуу күн. – Ф.: Кыргызмамбас, 1951. – 68 б.

Гүлжан. – Ф.: Кыргызмамбас, 1953. – 95 б.

Алга бас: Балдар үчүн ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 48 б.

Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1954. – 48 б.

Тандалган ырлар. – Ф.: Кыргызмамбас, 1955. – 196 б.

Күжүрмөн эмгек. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1957. – 65 б.

Анна: Бөбөктөр үчүн. – Ф.: Кыргызокуупедмамбас, 1958. – 30 б.

Кайгылуу Какей (4 көшөгөлүү драма) – К–пте: Пьесалар. – Ф.: Кыргыз-мамбас, 1958. 137 – 178-б.

Шаңдуу кадам. Аңгемелер, очерктер жыйнагы. – Ф.: Кыргызмамбас, 1960. – 85 б.

Таң алдында. Аңгемелер: Тестиер балдар үчүн. – Ф.: Мектеп, 1965. – 104 б.

Жарык күз: Ырлар жана поэмалар. – Ф.: Кыргызстан, 1971. – 92 б.

Кайгылуу Какей: Ырлар, поэмалар жана драма. – Ф.: Кыргызстан, 1985. – 168 б.

Орус тилинде

Мы друзья Ленинграда. – Ф.: Киргизгосиздат, 1946. – 71 с.

Весна пришла: Стихи и поэмы. – Ф.: Киргизгосиздат, 1958. – 126 с.