Токойлуу тундра зонасы - Түндүк жарым шардын субарктика алкагындагы табигый зона.

Тундра жана мелүүн алкактын токой зоналарынын аралыгында. Зонанын түндүк бөлүгүнүн 1020% ин, түштүгүнүн 40-50% тейин токой жана сейрек токой ээлейт. Токойлуу тундра зонасы Евразия жана Түндүк Америкада жазылыгы 30-50дөн 250-300 км чейинки тилкени түзөт. Климаты субарктикалбис. Июлдун орточо температурасы 10-14°С, январдыкы - Ю...-40°С.

Жылдык жаан-чачыны 200-400 мм. Көп жылдык тон жана саздак жер кеңири тараган. Глейлүү-күл жана чым көң-саз топурактуу. Сейрек токой (кайын, карагай, мырза карагай, кызыл карагай ж. б.), тундра (мамык-чөп-эңилчек, бадал ж. б.), саз жана шалбаа өсүмдүктөрү басымдуу. Тундра жана тайга токоюна мүнөздүү жаныбарлар мекендейт. Бардык аймагында аңчылык өнүккөн. Бугу асыралат. Бул зона чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4