Токой жайгаштыруу - токой чарбасын уюштуруу жана жүргүзүү боюнча иш-чаралар системасы.

Токой изилдөө жана баалоо (таксациялоо), токой дарактарын, алардын абалын текшерүү, токой кыюу, пайдалануу өлчөмүн, ыкмаларын белгилөө, токойдун сапатын жогорулатуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу иштерин ж. б. камтыйт. Токой жайгаштыруу же уюштуруу-чарбалык долбоор 10 жылга түзүлөт. Токой жайгаштыруу объектилерине токой чарбасы, токой-парк чарбасы, токой чарба ишканасы, мамлекеттик корук ж. б. ишканалар кирет. Долбоорлоо иштери райондун келечекти жана эл чарба планы, тартуу (съёмка) жана токой эсебин алуу боюнча документтер, аэрофотосүрөт, топурактын топографиялык картасы ж. б. документердин, ошондой эле Токой жайгаштыруучу жердин экономикалык жана табигый шарттары жөнүндөгү маалыматтардын негизинде жүргүзүлөт. Токой жайгаштыруу долбоорунда кыйылуучу токой жашы жана аны калыбына келтирүү мезгили, токой кыюу жана өсүмдүк өстүрүү ыгы, жыгач пайдалануу өлчөмү, токой коргоо иштери, токой сапатын жакшыртууга арналган ж. б. иш-чаралар толук көргөзүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4