Токой чарбачылыгы - токойду изилдөө, каттоо, көбөйтүү жана аны өрттөн, зыянкечтен жана илдеттен сактоочу, эл чарбасын керектүү жыгач ж. б. токой продукциясы менен камсыз кылуучу коомдук өндүрүш тармагы.

Токой чарбачылыгынын максаты - азыркы жана кийинки муундардын кызыкчылыгы үчүн биосферанын маанилүү компоненти катары токойду коргоо жана туура пайдаланууну уюштуруу. Токой чарбачылыгынын принциптери - токой пайдаланууну камсыз кылуу, токой ресурстары менен токой фондусунун жерин толук жана туура пайдалануу, өз убагында токойду жаңыртуу, кунардуулугун жана сапатын арттыруу, токойду өрттөн, зыянкечтен жана илдеттен сактоо. Токой чарбачылыгнын келип чыгышына курулуштардын, айыл чарба өндүрүшүнүн ж. б. тармактардын өнүгүшү түрткү берген. Кыргызстандын аймагында 932 миң км2 аянтты токой ээлейт (2013). Кырндын токойлдоруна табият коргоочу, б. а. экологиялык жана санит.-гигиеналык, калыптандыруучу ж. б. коргоочу багыттагы статус берилип, өндүрүштүк жыгач даярдоого тыюу салынган. Токой фондусунун аймагында токойду көбөйтүү, калыбына келтирүү максатында көчөттөр отургузулуп, зыянкечтерге жана илдеттерге каршы чаралар жүргүзүлүүдө. Токойду кыюуга, мөмө токоюнда мал жаюуга тыюу салынат. Кыргызстандын жаңгак жана мөмө токоюнан жылына 1300-1500 г жаңгак, 80-100 т мисте, 3000-4000 т алма жана алча жыйналат. Токой калыбына келтирилип, жаңылары түзүлүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4