Токомбаев, Улан Алиевич (Улан-Шер) (1941 – 2002) - акын, жазуучу.


Улан Токомбаев Күрөңкеев айылында 1941-жылы 10-февралда туулган.
1967-жылы Москвадагы ВГИКтин сценарий факультетин бүтүргөн.
Эмгек жолун 1958-жылы Кыргызавтомаш заводунда аспапты борборго тактап орнотуучу болуп иштөөдөн баштап,
1959-жылы приборлорду куруу заводуна которулган.
1967-жылдан Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадиокомитетинде улук киноредактор,
1968-жылы «Кыргызтелефильм» студиясында башкы редактор,
1973–1976-жж. «Литературный Киргизстан» журналынын жооптуу катчысы, ошол эле учурда «Литературная газета-нын» Кыргызстан боюнча өз кабарчысы,
1978-жылы «Кыргызтелефильмдин» башкы редакторунун орунбасары жана студиянын режиссеру болгон.

Биринчи повесттер жана аңгемелер жыйнагы «Самый счастливый человек» деген ат менен 1977-жылы басылып чыккан.
Ырлары республиканын жана КМШнын башка республикаларынын мезгилдүү басма сөз басылмаларында үзбөй жарыяланып келген. «Коридор», «Моя Азия», «Раненое сердце», «Ата Журт», «Прерванный полет», «Мекен», «Моя республика», «Наркомания и плач по будущему» ж.б. фильмдерди тарткан. Ал бир катар толук метраждуу жана кыска мет-раждуу телефильмдердин, киноповесттердин сценарийлеринин автору.
1994 жылдын аяк ченинен баштап, «Я против» автордук программаны алып барган жана , «Энциклопедия кыргызского искусства» аттуу фунда-менталдуу телекино долбоорунун автору, жетекчиси, «От А до Я» аттуу интеллектуалдык телевизиондук программанын автору, «Кыргызтелефильм» студиясында директор, башкы редактор, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокорпорациясынын коллегиясынын мүчөсү, 1969-жылдан Кинематографисттер Союзунун, 1982-жылдан СССР Журналист-тер Союзунун мүчөсү, 1979-жылдан Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери» наамы берилген.

ЖАРЫК КӨРГӨН КИТЕПТЕРИ

Орус тилинде

Самый счастливый человек: Рассказы. Сказ для кино. – Ф.: Кыргызстан, 1977. – 119 с.

He проходит любовь: Стихотворения, поэмы, переводы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 132 с.

Осенняя радуга: Повесть, сказка для кино. – Ф.: Мектеп, 1979. – 184 с.

Перевал. Молодая поэзия Киргизстана /Сост. А.Джакшылыков и Б.Сарыгулов/ – Ф.: Кыргызстан, 1980. – 168 с. (Р.Горбачева, А.Зайцев, С.Луговая, А.Никитенко, У.Токомбаев и др.)

Ласка: Стихотворения. – Ф.: Мектеп, 1988. – 87 с.

Подарок. – Б.: Издание Союза кинематографистов, 2001. – 40 с.

КОТОРМОЛОРУ

Карагулов Б. Магелланы Вселенной: Публицистическая поэма. (Авториз. перевод с кырг. У. Токомбаева, С. Токомбаевой) – Ф.: Кыргызстан, 1981. – 119 с.

Карагулов Б. Магелланы Вселенной: Публицистическая поэма. (перевод с кырг. У. Токомбаева, С. Токомбаевой) – М.: Советский писатель, 1987. – 120 с.

Карагулов Б. Память: пер. с кырг. - М.: Правда, 1979. – 31с.