Токоферолдор (Е витамини) — 7 витаминден турган топ. Ал булчуңдардын иштешин жана жыныс бездеринин функцияларын күчөтөт, майда эрүүчү витаминдин, айрыкча ретинолдун ички органдарда топтолушуна түрткү берет. Соо кишинин күнүмдүк керектөөсү чоңдордо 10—20 мг, балдарда 1 кг салмагына 0,5 мг. Өсүмдүк майларында, жер жаңгак, буурчак, жүгөрү, соя уруктарында жана жашылчалардан — салат, шпинатта болот. Жаныбар тектүү продуктулардан боордо, жумуртканын сарысында, сүттө бар. Токоферол өтө туруктуу, 170°ка чейин ысытканда жана ултракызгылт көк нурдун таасиринде да бузулбайт. Такоферол препараттары ар кандай ооруларды дарылоодо врачтын көзөмөлүндө гана колдонулат. Майда эрүүчү витамин.

Токоферолдор

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8