Токтогул ГЭСиКыргызстандагы суу электр энергиясын өндүрүүчү жана ирригациялык эң ири ишкана. Кетментөбө өрөөнүнүн чегинде, Нарын дарыянын нугунун кууш жеринде курулган. 1962-ж. курула баштап, 1975-жылдан иштейт. Төрт агрегаты бар, жалпы кубаттуулугу 1200 мВт; долбоор боюнча жыл ичинде иштеп чыгара ала турган электр энергиясынын көлөмү 4,4 млрд кВт/саат.

Токтогул ГЭСи
Өлкө

 Кыргызстан

Жайгашкан жери

Жалал-Абад облусу

Дарыя

Нарын дарыясы

Менчик ээси

«Электр станциялар» ААК

Макамы

иш үстүндө

Курулуп башталган жылы

1962-жыл

Агрегаттарды ишке берүү жылдары

1975-1976 жж.

Ишке берилген

1976-жыл

Иштеткен мекеме

«Электр станциялар» ААК

Негизги мүнөздөмөсү
Жылдык электр энергиясын өндүрүү

4400 млн кВт/саат

Эсептелген кысымы, м

140

Электр кубаттуулугу, МВт

1320

Жабдуулардын мүнөздөмөсү
Турбиналардын саны жана маркасы

2×РО, 2×РО 170/805-В-535

Турбиналар аркылуу агымдын чыгымы, м³/с

240

Генераторлордун саны жана маркасы

2×СВ-1100/250-36УЧ

Генераторлордун кубаттулугу МВт

2×360, 2×300

Негизги курулуштары
Дамбанын бийиктиги, м

215

Дамбанын узундугу, м

292,5

Бөлүштүрмө түзмөгү

500 кВ

Кошумча маалыматтар
Сайт

energo-es.kg

Картада

Суу сактагычтын көлөмү 19,5 млрд м3; Бирок электр энергиясын чыгарга пайдалуу көлөмү болгону 8,5 млрд м3 түзөт. Плотинасынын бийиктиги 215 м. Иштегенден бери 96 млрд кВт/саат электр энергиясын өндүргөн. ГЭСте 180 адам иштейт (2001).

Иштегенине 40 жылдын чамасы болгондуктан ири жанылануусу - бөтөнчө электр-механикалык жабдыктарынын - талап. (2013).

Колдонулган адабияттар

түзөтүү