Токтогул Калмамат уулу (1854, Өзгөн өрөөнү Доңуз-Тоо аймагы) — "Манас" айтуучу , жомокчу. 13 жашында атасынан айрылган. Отузга чыкканча Токтомуш деген бийдин эки жоргосун багып, ал кайда барса кошо жүрүп, той-тамашаларда жомокчу, ырчы, комузчуларга жолугуп, көптөгөн жомокторду, ырларды уккан. "Манас" айтканды Келдибек, Тыныбек жана башкалар жомокчулардан, ырчылардан, сөзгө чебер чечендерден үйрөнгөн. 1889-жылдан мергенчилик менен оокат кыла баштайт. 1894-ж. Жазы суусун бойлоп Кара-Шоро, Чыттыга көчүп барып туруп калат. Чытты ашуусунан жайы-кышы ары-бери өткөндөр, мергенчилер менен сүйлөшүп, алардан көптөгөн жомокторду, уламыштарды, дастандарды үйрөнгөн. Т. "Бостон", "Соболоң-Султан", "Көкөтөйдүн Алтын-Көкүл", "Кер-Көкүл", "Эр Чегиш" сыяктуу дастандарды да билген (Кол жазмалар фондусу, 291-инв.). Анын жомокторунан, дастандарынан үзүндүлөр уулу Акматтын айтуусунда жазылып алынган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4