Токтогул кызы Гүлсара (1924, СССР, Кушчу-Суу айылы — 1961,СССР, Кыргыз ССР, Фрунзе) — ооз комузчу, шыгыр (хор) ырчысы.

Айтылуу Токтогулдун кызы. Бишкектеги педагогикалык техникумун аяктагандан кийин, Кыргыз мамлекеттик филармониясынын хорунда иштеген.

1959-ж. экранга чыккан «Токтогул» аттуу көркөм фильмдин сценарийин Н.Н. Кладо менен биргелешип жазган. «Селкинчек», «Күйгөн», «Келиндердин кербези» ж. б. элдик күүлөрдү темир ооз комузда чебер каккан; иниси Бабажан менен «Атабыз болсочу» аттуу күү чыгарган. Анын аткаруусундагы күүлөр Кыргыз телерадиосунун музыкалык алтын корунда сакталууда.

Булактар

түзөтүү

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5