Токтогул мөңгүсү
Токтогул мөңгүсү — Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги мөңгү. Узундугу 4,2 км, аянты 5,5 км. Аламүдүн суусунун (Чүй дайрасынын алабы) төрүндө. Башы деңиз деңгээлинен 4460 м, этеги 3300 м бийиктикте жайгашкан. Кар чегинин бийиктиги 3840 м, абляция облусунун аянты 3,7 км2. Мөңгүдөн Аламүдүнсуусунун оң куймаларынын бири башталат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Кыргызстандын географиясы, Бишкек-2004. ISBN 9967-14-006-2
Интернеттеги айрым шилтемелер
түзөтүү- мөңгүсү(жеткиликсиз шилтеме)