Токтомышев Советбек Жайлобекович

Токтомышев Советбек Жайлобекович (1943ж. т., Чүй областы, Москва району, Предтеченка айылы - 1.2.2022) - техника илимдин доктору (1983), профессор (1984), КР УИАнын академиги (1997).

Кыргыз ССРнин Ленин комсомолу сыйл. лауреаты (1975). Новосибирск мамлекеттик университетин (1965), аспирантурасын (1968) бүтүргөн. КМУда окутуучу, улук окутуучу, доцент (1965-76), ФПИде кафедра башчы (1976-87), КУУда проректор, ректор (1988-97), КРдин билим берүү министри (1998-99), 2000-ясылдан КУУда проректор. Космостук изилдөө жана атмосфера физикасы тармагы боюнча адис. 120дан ашык илимий эмгеги, алардын ичинен 7 монография, 30 окуу куралы жарык көргөн. «Ардак Белгиси» ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4