Токтоналиев Жапаркул – жазуучу. Тянь-Шань районунун «Куланак» айылында 1926-жылы 10-майда туулган.

1958–1959-жж. студент кезинде «Электротехникалык терминдердин түшүндүрмө сөздүгүн» түзүп илимдер академиясынын жактыруусунан өткөргөн.

1943-жылы Нарындагы педагогия окуу жайын, 1959-жылы Фрунзедеги политехникалык институттун энергетика факультетин, 1974-жылы Ленинграддагы Тольятти атындагы инженердик-экономикалык институттун өнөр жай жана курулуш адистери факультетин бүтүргөн.

Эл агартуу, советтик, комсомолдук жетекчи кызматтарда иштеген. 1959-жылдан тартып инженер-электрик боюнча гидростанция курулушунда прораб, адистештирилген «Сельхозэлектро» курулуш башкармасынын башкы инженери, начальниги, Республикалык «Кыргызсельэлектро» трестинин башкы инженери, башкаруучусу, Кыргыз ССР айыл чарба министринин орун басары кызматында иштеген.

«Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген курулушчусу» ардак наамын алган, «Эл достугу» ордени «Күжүрмөн эмгек үчүн», «1941–1945-жылдардагы Ата Мекендик согуштагы «Күжүрмөн эмгеги» үчүн жана Жеңиштин 30-40-50-жылдыгына арналган медалдар, ГОЭЛРОнун 50-60-жылдыгына арналган төш белгилери менен сыйланган.

2000-жылдан Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун мүчөсү.

Жапаркул Токтоналиев 2018-жылы 3-декабрда 92 жашында дүйнөдөн кайткан.

Жарык көргөн китептери


Кыргыз тилинде түзөтүү

Терминологиялык сөздүк. – Б.: Кыргызстан, 1961. – 200 б.

Кыргыз ССР айыл чарбасын электрлештирүүнүн проблемалары. – Ф.: Кыргыз ИНТИ, 1975. – 40 б.

Мухаммед Пайгамбар: Баян. – Тегиран: Ал-Худо, 1995. – 12 б.

Хан Ормон: Роман. I китеп. – Б.: Кыргызстан, 2000. – 280 б.

Хан Ормон: Роман. II китеп. – Б.: Кыргызстан, 2001. – 290 б.

Баатыр Шабдан: Роман. - Б.: Бийиктик, 2006. - 234 б.


Орус тилинде түзөтүү

От карачырака к лампочке Ильича: Роман, хроника. - Б.: Бийиктик, 2007. - 146 б.


Котормолору

М.Рябинкин. Электр жөнүндө аңгемелер. – Ф.: Кыргызстан, 1960. – 210 б.

Хожо Хафиз Хафиз наме: Поэма. - Тегеран, 1990. - 40 б.


Колдонулган адабияттар түзөтүү