Токтоналы Сейталиев (3-декабрь 1937-жыл, (Панфилов району, Жайылма айылы - 2021-жылдын 24-февралы, Бишкек[1]) — опера ырчысы (лирикалык тенор). Кыргыз ССР ал артисти (1974), СССР эл артисти (1984).

Токтоналы Сейталиев
Туулган датасы:

3 -декабрь 1937(1937-12-03)

Өлгөн датасы:

24 -февраль 2021(2021-02-24) (83 жаш)

1956-ж. Кыргыз опера жана балет театрынын студиясын, 1969-ж. Курмангазы атындагы Казак консерваториясынын вокалдык факультетин бүткөн.

1952—62-ж. Кыргыз опера жана балет театрында хор артисти, 1969-жылдан солист.

1972-жылдан М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайында окутуучу.

Сейталиев кең дианазондуу үнү бар талапттуу ырчы. Кузнецов (В. Власов, В. Фере, А. Малдыбаев, «Алтын кыз»), Сыргак, Күлчөрө (А. Малдыбаев, В. Власов, В. Фере, «Манас», .«Айчүрөк»), Тойтук (А. Аманбаев, «Бойдоктор»), Канат (М. Абдраев, «Бороон алдында»), Ленский (П. И. Чайковский, «Евгений Онегин»), Юродивыйдин (М. Мусоргский, «Борис Годунов») ролдорун чебер аткаруу менен профессионалдык бийик деңгээлдеги артист экендигин көрсөткөн.

Классикалык үлгүлөрдөн болгон Альфреддии (Ж. Верди, «Травиата»), Герцогдун (Ж. Верди, «Травиата»), Герцогдун (Ж. Верди, «Риголетто»), Неморинонуи (Долицетти, «Сүйүү шарабы»), Фаусттуи (III. Гуно, «Фауст»), Пиконкертондун (Ж. Пуччини, «Чио-Чио-Сан») татаал партияларын аткарган.

Сейталиев концерттик ырчы катары да белгилүү. Ал А. Огонбаевдин «Гүл», «Эсимде», Левашовдун «Россиянин булбулдары», орус эл ыры «Мекен», М. Абдраевдин «Жалыныңа күйгөмүн» деген классикалык романсын чебер аткарат.

Көптөгөн чет өлкөлөрдө гасгролдо болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Булактар түзөтүү