Токтосунов Турсункул - Сузак районундагы аскердик ишмер. 1950-жылы азыркы Сузак районундагы Ак-Кыя кыштагында туулган.

Өмүр баяны түзөтүү

Билими түзөтүү

Орто мектепти бүткөндөн кийин, 1967-жылы Жалал-Абад шаарындагы педагогикалык окуу жайына тапшырып, аны 1969-жылы ийгиликтүү аяктап чыгат. Бүтүрүп келгенден кийин, 1970-жылга чейин мектепте мугалим болуп эмгек жолун баштаган.

Аскердик ишмердүүлүгү түзөтүү

1970-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, ал кызматын 1972-жылы өтөп келет. Армиядан келип, Көк-Жаңгак шаарындагы Ички Иштер Бөлүмүнө милиция кызматкери болуп жумушка орношот да, 1978-жылга чейин “жашы жете элек өспүрүмдөрдүн инспектору” кызматын аркалап келген. 1978-1983-жылдары Казахстандын Караганды шаарындагы “СССР ИИМ инин жогорку окуу жайында” билимин уланткан. Аталган окуу жайын бүтүп келген соң, Октябрь кыштагындагы милиция бөлүмүндө “участкалык инспектор” болуп кызматка орношот да, ардактуу эс алууга чыкканга чейин, “кылмыш иликтөө” бөлүмүндө ага инспектор, ошол эле бөлүмдүн жетекчиси, Сузак ИИБте тергөөчү, ага тергөөчү кызматтарында үзүрлүү эмгектенип келген.

Талыкпаган эмгегинин натыйжасында, ”ИИМдин отличниги” төш белгиси, “Кадырман” ,”ИИМдин ардагери”,жана башка көптөгөн юбилейлик медалдар менен сыйланган. Милициянын майору.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3