Шамбетов Токтосун Дуйшенкулович (1989-жылы 26-февралда төрөлгөн) - журналист.

Кыскача өмүр баяны түзөтүү

1989-жылы 26-февралда Нарын облусунун Ат-башы районуна караштуу Ат-Башы айылында туулган. 1996-1997-жылдары Ат-Башы районундагы Касыке Мамбеталиев мектебине кирип, 2007-жылы аяктаган. 2007-2012-жылдары Нарын мамлекеттик университетинин Агрардык техникалык факультетинде Жол кыймылын тейлөө адистигенде билим алган.

Журналисттик ишмердиги түзөтүү

Эмгек жолун 2008-жылы Нарын шаарындагы “Алмаз-Нарын” радиосунда алып баруучу болуп иштөө менен баштаган. 2011-жылы “Алмаз-Нарын” радиосунун аткаруучу директору болгон. Ушул эле жылдары naryn.kg сайтында кабарчы болуп иштеген.

2012-2015-жылдары Нарын шаарында журналистика тармагында түрдүү долбоорлордо иштеп, “Жаштар талкуулайт” ток-шоусун түзгөн. Ал “Нарын ТВ” каналында көрсөтүлүп турган.

2012-2014-жылдары "Азаттыктын» ("Азаттык" үналгысынын) Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген.

2014-2016-жылдары Бишкекте «Азаттык+» телепрограммасынын алып баруучусу болгон. 2016-жылдан бери "Азаттык" үналгысынын Бишкектеги кабарчысы. Акыркы учурда "Азаттыкта" иликтөө программаларды жасайт.

Сыйлыктары түзөтүү

Журналисттик ишмердүүлүгүнө байланыштуу Нарын облусундагы жергиликтүү мамлекеттик органдардын ар кандай ардак грамоталары менен сыйланган. Ушундай эле сыйлыктарды Кыргызстандагы бир нече министрликтерден дагы алган.

Нарындагы "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү