Ток булагы - ар түрдүү энергияны электр энергиясына айландыруучу түзүлүш.

Айландырылуучу энергиялык түрү боюнча шарттуу түрдө химиялык жана физикалык Ток булагына бөлүнөт. Химия лык Ток булагы-хим. реагенттердин кычкылдануу-калыбына келүү реакциясынын энергиясынын эсебинен электр тогу алынуучу түзүлүш.

Пайдалануу схемасы жана энергияны электр тармагына берүү ыкмасына карата хим. Ток булагыбир жолку, эки жолку пайдаланылчу жана резервдик, о. эле электр-химиялык генератор болуп бөлүнөт.

Физикалык Ток булагы - жылуулук, механикалык, электр-магнит энергиясын, о. эле радиациялык нурлануу жана ядролук бөлүнүү энергиясын электр энергиясына айландыруучу түзүлүш. Ага электр-машина генератору, термо- электр генератору, термоэмиссиялык өзгөрткүч, күн энергиясы менен атом энергиясын электр энергиясына айландыргыч генератор кирет.

Механикалык энергияны электр энергиясына айландыруучу электр-машина генератору азыркы энергетиканын негизин тузүү менен электр энергия булактарынын эң кеңири тараган түрү. Термоэлектр генератору Зеебек эффектисине, термоэмиссиялык өзгөрткүч термоэмиссия эффектисине, күн энергиясынын генератору ички фотоэффектиге, атом энергиясынын генератору бөлүнүү кезиндеги электрондун кинетикалык энергиясын пайдаланууга негизделген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.