Толстихин, Геннадий Михайлович

Толстихин, Геннадий Михайлович (1949-ж.т., Чита облусу, Петровск-Забайкал ш.) – гидрогеолог, Кыргыз ССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1988). Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1976). Кыргыз комплекстүү гидрогеол. экспедициясынын Чүй гидрогеол. партиясында улук техник-гидрогеолог, гидрогеолог, улук гидрогеолог (1976–83), экспедициясынын улук гидрогеологу (1983–88), 1988-жылдан экспедициянын башкы гидрогеологу. Жер астындагы тузсуз ж-а термоминералдык сууларды издөө, чалгындоо, гидрогеол. изилдөө иштерин уюштурууда белгилүү салым кошкон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү