Толто (аорта латын тилинен arteria ortha, a.ortha) — жүрөктүн сол карынчасынан чыккан эң чоң кан тамыр.

Толто жана андай тараган артериялар: 1— күрөө тамыр; 2— акырек алдындагы артерия; 3— кабырга арасындагы артерия; 4— курсак толтосу; 5— бөйрөк артериясы; 6— чычыркай артериялары; 7— сан артериясы; 8— жамбаш артериясы; 9—ийин артериясы; 10—толто; 11—толто догосу.
Аорта

Бөлүмдөрү түзөтүү

Адамдын денесиндеги бардык органдарды артерия каны менен камсыз кылат. Ал кан айлануунун чоң тегерегинин башталышы. Толто үч бөлүктөн (жогору карай кеткен, толто догосу жана төмөн карай түшкөн) турат.
Толтонун жогору чыккан бөлүгү сол карынчанын артериялык конусунан башталат.
Ал өпкө түркүгүнүн артында жайгашып, анын оң жагына өтөт. Анын артында оң өпкө артериясы жана сол өпкө веналары, алды жагында жүрөктүн оң дүлөйү жатат.

Догосу түзөтүү

Толтонун догосу — алдыдан артка жана оңдон солго карай багытталган ийри түтүк. Ал сол бронхту жана өпкө түтүгүнүн бөлүнгөн жеринен ийилип өтөт. Догонун сырт жагы көкүрөк клеткасынын үстүңкү тешигин көздөй багытталып, андан кийин ийин-баш артерия түркүгү жалпы сол күрөө жана сол акырек алдындагы артериялар чыкса, анын ички бетинен жүрөктүн кабын, өпкө чел кабыгын, бронхторду жана ортолук чел кабыгын кан менен камсыз кылуучу артериялар бөлүнүп чыгат.
Толтонун төмөн карай кеткен бөлүгү оң жана сол жалпы капшыт артерияларына бөлүнөт. Анын боор этке чейинки бөлүгү — көкүрөк, боор эттен төмөн жаткан бөлүгү курсак толтосу деп аталат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8