Толук мейкиндик - чендик (метрдик) жана топол. түзүлүштөгү (структурадагы) мейкиндиктерге колдонулуучу термин.

Мейкиндиктердин толуктугунун аныктоосу алардагы удаалаштыктардын, борборлоштурулган системалардын жыйналуучулуктарына негизделет. Эгерде жетишерлик чоң п жана т номерлери үчүн хп жана хт чекиттеринин ортосундагы аралык чексиз кичирейсе, мейкиндиктеги xv х2, хп чекиттеринин удаалаштыгы фундаменттүү удаалаштык деп аталат. Ар кандай фундаменттүү удаалаштыгы жыйналган чендик мейкиндик Толук мейкиндик деп аталат. Евклид мейкиндиги, Гильберт мейкиндиги, кесиндилердеги чекиттердин үзгүлтүксүз тобунун көптүгү ж. б-лар чендик маанидеги Толук мейкиндикке мисал болот. Толук мейкиндиктеги ар кандай туюк көптүк, ар кандай компакттуу мейкиндик (компакт), сандуу түз сызык (сан огу) Толук мейкиндик болот. Толук болбогон Евклид мейкиниктерин Толук мейкиндикке толуктоого болот. Чендик маанидеги кандайдыр бир Толук мейкиндикке гомеоморфтуу болгон мейкиндик топол. маанидеги Толук мейкиндик деп аталат. Топол. группанын мейкиндиги, жакындык мейкиндиги, чыныгы сандардын бардык удаалаштыктарынын мейкиндиги, п - өлчөмдүү куб, гильберт кубу, интервалдагы иррационалдык сандардын мейкиндиги топол. Толук мейкиндик боло алат. Толук мейкиндиктердин түз көбөйтүндүсү, Толук мейкиндиктин удаалаштыктарынын көбөйтүндүсү, Толук мейкиндиктин эсептүү сандагы ачык көптүктөрүнүн кесилиши, чектелген үзгүлтүксүз функциялардын мейкиндиги Толук мейкиндик болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4