Толуол (исп. tolu- толуан бальзамы), метилбензол, С7Н8 – түссүз, күйүүчү суюктук, мол. масс. 92,13 жыты бензолдукуна окшош, кайноо t 110,6°С, эрүү t- 94,9°С, тыгыз. 0,68 г/см3. Т.углеводород, галогеналкил, эфир ацетон, этанол менен каалаган катышта аралашат. Т. нефть, пиролиз продуктулары, таш көмүр чайыры жана кокс газы, сланец майында кездешет. Өнөр жайда толуолду таш көмүр чайырын жана нефтини фракциялоо, газдарды пиролиздөө менен алынат. Ал ысыкка чыдамдуу. Аны катаал шартта пиролиздегенде углеводороддор аралашмасы (бензол, нафталин, антрацен) алынат. Т. катализатор катышуусунда (Ni, Pt жана башка) 100-300 атм. жана 100-120°С суюк фазада, же 100-180°С газ фазасында гидрлөөдөн метилциклогексан алынат. Ө. ж. 400-500°С басым астында (40-60 атм. басым) Т. деметилдештирүү менен бензолду алууга болот. Т. катализдик ыкма менен окистендиргенде бензил спирти, бензальдегид, бензой к-тасы, малеин ангидриди алынат. Т. жогорку tо жарыктын таасири астында Cl2 таасир этсе, метил тобундагы суутек атомдору радикалдык механизм менен орун алмашып бензилхлорид С6Н5СН2Cl, бензилиденхлорид С6Н5СНСI2 жана бензотрихлорид C6H5CCl3 пайда кылат. Ал эми катализатор катышуусунда (FeCl3, AlCl3 жана башка) бөлмө темп-расында Т. ядросундагы суутек атомдору галогендер менен орун алмашат. Бул учурда негизинен Т. п-изомери, аз санда о-изомери, бир аз санда м-изомери пайда болот. Сульфирлөө р-на жеңил кирип, 75 % п-толуолсульфок-таны пайда кылат. Бензолго салыштырмалуу оңой нитрленип, моно , ди- жана 2,4,6 тринитротолуол (тротил) алынат. Өтмө металлдар (Cr, Мо жана башка) менен p- комплекстерди берет. Техникада Т. капролактам, анилин боёкторун, дары-дармек алууда химиялык сырьё катары пайдаланылат. Бензиндин о. с. жогоруулатууда негизги компонент болуп саналат. Пластмасса, лак, типография боёкторун өндүрүүдө эриткич катары пайдаланылат. Т.начар наркотикалык касиетке ээ.

Толуол.

Колдонулган адабияттар түзөтүү