Томас Круз Мэйпотер IV (англ. Thomas Cruise Mapother IV; 1962-жылы 3-июль) – Том Круз катары таанымал болгон америкалык актер жана продюсер. Круз үч жолу "Оскар" сыйлыктын талапкери болгон жана үч "Алтын глобус" сыйлыгына татыган. Актердук кесибин 19 жашында "Чексиз сүйүү" (англ. Endless Love, 1981) тасмада роль аткарып баштаган. "Жай ал" (англ. Taps, 1981) жана "Башкаларга окшобогондор" (англ. The Outsiders, 1983) тасмаларда экинчи пландагы ролдорду аткарган соң актер 1983-жылдын августунда чыккан "Кооптуу иш" (англ. Risky Business) тасмада биринчи башкы ролун аткарган. Круз "Мыкты көзгө атар" (англ. Top Gun, 1986) тасмада Пит "Маверик" Митчеллдин ролун аткаргандан кийин чыныгы тасма жылдызына айланган. Эң ири Голливуд тасма жылдыздарынын бири болгон Круз 1980-жылдары бир канча ийигиликтүү тасмаларда тартылган, алардын ичинде: "Акчанын түсү" (англ. The Color of Money, 1986), "Аралашма" (англ. Cocktail, 1988), "Жамгыр адам" (англ. Rain Man, 1988) жана "Төртүнчү июлда туулган" (англ. Born on the Fourth of July, 1989).

1990-жылдары актер бир канча хит тасмаларда тартылган, алардын ичинде: "Алыс" (англ. Far and Away, 1992) романсы, "Дурус адамдардын бир тобу" (англ. A Few Good Men, 1992), "Фирма" (англ. The Firm, 1993), "Вампир менен маек" (англ. Interview with the Vampire, 1994), "Жерри Магуайер" (англ. Jerry Maguire, 1996), "Ачык жумулган көздөр" (англ. Eyes Wide Shut, 1999) жана "Магнолия" (англ. Magnolia, 1999). 1996-жылдан баштап Круз "Миссия: Аткарылгыс" (англ. Mission: Impossible) тасма серияларында атайын агент Итан Ханттын ролу менен таанымал болгон, сериялардын жакынкы тасмасы "Миссия: Аткарылгыс - Шылуундар эли" (англ. Mission: Impossible – Rogue Nation) 2015-жылы экрандарга чыккан.

2000-жылдары Круз бир канча ийгиликтүү тасмаларда тартылган, алардын ичинде: "Ваниль асманы" (англ. Vanilla Sky, 2001) жана "Өзгөчө билдирүү" (англ. Minority Report, 2002) илимий фантастика триллерлери, "Акыркы самурай" (англ. The Last Samurai, 2003), "Шерик" (англ. Collateral, 2004), "Дүйнөлөр согушу" (англ. War of the Worlds, 2005) жана "Валкири" (англ. Valkyrie, 2008).

2010-жылдан баштап актер "Күндүн рыцари" (англ. Knight and Day, 2010), "Жек Ричер" (англ. Jack Reacher, 2012), "Унуткаруу" (англ. Oblivion, 2013) жана "Келечектин чеги" (англ. Edge of Tomorrow, 2014) сыяктуу тасмаларда тартылган. 2012-жылы Круз иши акыны көп алган Голливуд актеру болгон. АКШда Круз тартылган 16 тасмалардын кассалык кирешеси 100 миллиондон ашык долларга барабар болгон, ал эми 22 тасмасы дүйнө жүзү боюнча 200 миллиондон ашык доллар жыйнаган.

1990-жылы актер "Төртүнчү июлда туулган" тасмадагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыктын "Драма жанрындагы тасмада тартылган актердун эң мыкты аткаруусу" номинациясына татыган; 1997-жылы "Жерри Магуайер" тасмадагы ролу үчүн "Мюзикл/күлкүлүү окуялуу тасмада тартылган актердун эң мыкты аткаруусу" номинациясына татыган жана 2000-жылы "Магнолия" тасмадагы ролу үчүн "Экинчи пландагы актердун эң мыкты аткаруусу" номинациясына татыган. 2002-жылы Круз "Ваниль асманы" тасмадагы ролу үчүн "Сатурн" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясына татыган. 2003-жылы актер "Акыркы самурай" тасмадагы ролу үчүн AFI "Жылдын эң мыкты тасмасы" сыйлыгынын жеңүүчүсү болгон жана Minority Report тасмадагы ролу үчүн "Империя" сыйлыктын "Эң мыкты актер" номинациясына татыган.

Саентологтор чиркөөсүнүн жана аны менен байланышкан коомдук долбоорлорунун ачык өкүлү болгон Круз бул чиркөөнүн анын дислексия оорусунан айыгуусуна жардам бергенине ишенет. 2000-жылы актердун психиатрия жана антидепрессанттарга каршы чыкканы, өзгөчө 9/11 окуянын жан куткаруучуларына терапия өткөргөндүгү, Европада Саентология динин илгерилөөсү жана Саентология динге үгүтөө видеолору ар кандай тартыштарды жараткан.

Өмүр таржымалы түзөтүү

Жеке жашоосу түзөтүү

Тартылган тасмалары түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү