Тоокеарык – б. з. ч. 3-кылым – б. з. 4-кылымына таандык каналдын калдыгы. Ош – Карасуу оазисинин түштүк-чыгыш тарабындагы Акжар кыштагына жакын жерден табылган. Талдык суусунан башталып, анын оң өйүзү боюнча Акжар кыштагы, андан түндүк-батышты көздөй бурулуп, Шалтак дөбөсүнөн өтүп жоголот. Уз. 9 км, тереңдиги 1,2 м, туурасы 4–5 м болгон. Тоокеарыкты байыркы заманда жана орто кылымда отурукташкан эл сугат үчүн пайдаланган.


Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.