Тоо көлдөрү - тоолуу аймакта негизинен тектон. кыймылдан, мөңгүнүн аракетинен же бөгөттөн пайда болгон көлдөр.

Тоо көл.

Тектоникалык көлдөргө дүйнөдөгү эң ири көлдөр - терең жаракалардын (рифт өрөөдөрү) кеңейишинен пайда болгон көлдөр (мис., Байкал, Таньганика, Ньяса ж. б.), синклиналдык ийилүүлөрдөгү көлдөр (мис., Ысык-Көл); мөңгүнүн аракетинен пайда болгон көлдөргө - морена, төр (көлтөр) көлдөрү (Кыргызстандын аймагында кеңири таралган), бөгөт көлдөрүнө тоо өрөөндөрдүн кууш жерлерин көчкү жүрүп, бууп калышынан пайда болгондор (мис., Памирдеги Сарез көлү, Кыргызстандагы - Сарычелек к өлү ж. б.) кирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2