Тоо физиологиясы - физиологиянын организмге бийик тоо шартынын тийгизген таасирин, адаптация механизмин изилдөөчү тармагы.

Бийик тоодо кычкылтек жетишсиздигинин таасири жөнүндө маалыматтардын чогулушуна илгерки кылымдардагы тоо жүрүштөрү (мисалы, А. Македонекийдин, Тимурдун Тянь-Шанга, М. Полонун Памирге саякаты), бийик чокуларга чыгуу жана тоолуу жерлерге уюштурулган турдуу экспедициялар түрткү берген. Мырза Хайдар (16-к.) тоого чыккан киши ооруга дуушар болорун жазган. Бирок алгач түтөк белгилерин көрүнүктүү географтар, табият изилдөөчүлөр жана аскер адистери (П. П. СемёновТян-Шанский, Н. М. Пржевальский, И. В. Мушкетов, А. П. Федченко ж. б.) сыпаттап жазган. 1890-жылдан кишинин бийик тоого ыңгайланышы боюнча атайын байкоолор жүргүзүлө баштаган (П. К. Горбачев, Н. Н. Третьяков, А. Н. Лавринович ж. б.). 20-кылымдын 30-жылдарынан Т. ф. калыптана баштан, ага Н. Н. Сиротинин, Н. А. Россоловский, О. Н. Павлова ж. б. чоңсалым кошкон. 1942-ж. Тянь-Шандын түрдүү бийиктигинде комплекстүү клиникалык жана физиол. изилдөөлөр жүргүзүлүп, аны Г. П. Конради, А. Д. Слоним, М. Ф. Авазбакиева, Л. Г. Филатова жетектеген. 1947-жылдан Борбордук Тянь-Шандын жерг. калкынын физиол. функцияларын изилдеп, М. Е. Вольский жана анын окуучулары (М. М. Миррахимов ж. б.) клиникалык тоо физиологиясын негиздеген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.