Топ:

  • 1. Элдердин бирикмеси, анын негизинде жалпы кызыкчылык, максат жатат. Эң байыркы аныктама Аристотелге тиешелүү. Достук мамиле, туугандык, анын кызыкчылыгы бир деп билет:
  • батышта, социалдык, баштапкы биригүү;
  • аймактык, өндүрүштүк, конфессионалдык;
  • микротоптор.

Топтун архаикалык формасына – диада, триада кирет (2–3 адам). Бул жарым феодалдык, патриархалдык коомго мүнөздүү. Батышта адамдар ишмердүүлүгүнө жараша да бөлүнөт: экономикалык, саясий, маданий.

Уюшулушуна жараша: уюшулган, уюшулбаган жана структуралаштырылган – структурасы жок ж. б. Саясат таанууда топ - социалдык структуранын элементи, күчтүү саясий окуяларга таасир бере алган субъекттер. Өзүнүн экономикалык, саясий кызыкчылыктарын ишке ашыруу үчүн күрөшкөн, мамлекеттик структурага кирбеген субъекттердин тобу деп аталат. Эгерде топ бийлик органдарын өз чечимин аткарууга мажбурласа, анда ал «басым көрсөтүү группасына» айланат.

  • 2.Формалдуу, формалдуу эмес – өзүнчө санкцияланган максаты, нормасы, ишмердүүлүк эрежелери жок топтордын категориялары. Формалдуу категорияга – лидерди шайлоо, жана башка нормативдүү документтерде, инструкцияларда бекемделген, тартиптүү топтор кирет. Ал эми формалдуу эмес топ – кичинекей, институтташылбаган топтор кирет, жеке кызыкчылык, мүчөлөрүнүн керектөөлөрүнө, мамилелерине негизделет. Чет өлкөлөрдө формалдуу топ изилдөөлөр ар тараптан жүргүзүлүп турат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8