Топинамбур аталышынын келип чыгышы бразилиялык тупинамба аттуу индейлердин уруусуна байланыштуу деп айтылат. Ошол индейлер өстүргөн өсүмдүк (жашылча) 16-кылымда Францияга, кийинчерээк Англияга алынып келинип өстүрүлүп, кийин башка өлкөлөргө таркаган. мекени – Америка.
Боюнун бийиктиги – 40 сантиметрден 4 метрге чейин. Күн карамага окшош өсүмдүк. Тамырында картошкага окшош жашылча (өңү ак, сары, сыя-көк, кызыл) түйүлөт. Даамы шалгамга окшоп кетет. Жер тандабай өсө берет. Учурда дээрлик бардык өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда өстүрүлөт
Топинамбур жашылчасынын курамында белок, минералдык туздар, инулин, фруктоза, микроэлементтер, B жана C витамини, каротин бар.
Андан чипсы, котлет жасашат, кууруп жешет, салатка кошушат. Куурулганы жана отко көмүп бышырылганы таттуу картошканын даамын берет. Кургатып, майдалап ун алышат. Топинамбурдун сабагы менен жалбырагынан мал үчүн тоюттарды даярдашат. Өнүккөн өлкөлөрдө спирт жана целлюлоза алынат.
Кант диабети, жүрөк оорулары жана башка ооруларга, ошондой эле семирип кетпөө үчүн да колдонулат. Дени сак адамдын 1 суткада кантты колдонуу өлчөмү – 50 грамм, бирок көпчүлүк элдер нормадан өткөрүп жиберишет, андыктан канттын (сахароза) ордун фруктоза менен алмаштыруу сунушталат. Фруктоза организмге бат сиңет, кандагы канттын өлчөмүн жогорулатпайт, холестеринди азайтат. Рактын жана бөйрөктөгү таштын пайда болуусунун алдын алат, боордун жана ичеги-карындын иштешин жакшыртат. Фруктозанын булагы – бул топинамбур. Анын 100 грамм азыгында 61 килокалорий бар. Демек, семиртпейт. Андыктан азыр дүйнөдө диабетиктер жана туура тамактанууну колдогондор үчүн топинамбурдан атайын азыктар чыгарылат. Диабетиктер мындай азыктарды жеп-ичүү менен инсулинди алууну азайтышат. Бул илимде далилденген. Мисалы, уну кант ордуна момпосуйларга, токочторго кошулат. Тромбофлебит оорусу менен жабыркагандар жесе алардын каны суюлат, тазаланат.