Топурактын физика-механикалык касиеттери

Топурактын физика-механикалык касиеттери - топурактын ички жана сырткы механикалык таасирлерге карата каршылык көрсөтүүчү көптөгөн мүнөздүү касиеттеринин жыйындысы.

Топурактын катуулугу, ийкемдүүлүгү, жабышкактыгы, консистенциясы, басырылышы, механикалык таасирлерге каршылык көрсөтүүсү, сүрүлүүсү, жылышуусу, физилдөө жетилиши, көбүшү Топурактын физика-механикалык касиеттерине жатат. Бул касиеттер өсүмдүктүн тамыр системасынын өөрчүшүнө топурактын каршылык көрсөтүүсүн баалоодо, топуракты механикалык иштетүүдө жана күйүүчү майдын сарпталышы менен байланышкан энергиялык маселелерди чечүүдө маанилүү роль ойнойт. Топурактын физика-механикалык касиеттерин билүү айыл чарба машиналарын туура конструкциялоого, топуракты иштетүүнүн технол. процесстерин иштеп чыгууга жардам берет.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4