Топуракты таш менен уруп чаңытуу
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 2—3 киши.
Оюн аянтчада өткөрүлөт.
Оюнда таштар колдонулат.
Оюнга даярдануу
түзөтүүОюнчулар топурак үйүшүп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүОюнчулар кезектери келгенде, колдорундагы таштары менен топуракты урушуп чаңытууга аракеттенишет. Оюн 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Таш менен топуракты уруп катуу чаңыткан оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.
Оюндун башка түрлөрү
түзөтүүТопуракты таяк менен уруп чаңытуу, топуракты бут менен тебип чаңытуу, ылайды таш менен уруп чачыратуу, ылайды кетмен менен уруп чачыратуу.
Оюндун эрежеси
түзөтүүБир бирине тоскоолдук кылууга, жакын турууга, башка оюнчу үйгөн топуракты урууга болбойт.
Оюнга методикалык көрсөтмө
түзөтүүОюнчулар топурак үйүлгөн жерден алысыраак турушу керек.
Оюндун педагогикалык мааниси
түзөтүүОюнда күч тарбияланат.