Топ Карагай мөңгүсүКыргыз Алатоосунун түндүк капталындагы асимметриялык өрөөн тибиндеги мөңгү.

Ала-Арча суусунун оң куймасы–Топкарагайдын төрүндө. Уз. 7,7 км, аянты 6,4 км2. Башы 4560 м, этеги 3400 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийикт. 3910 м, абляция облусунун аянты 5,0 км2. Этек мореналар даана байкалат. Азыркы мезгилде акырындап артка чегинүүдө. Мөңгүдөн Топкарагай суусу (Аларчанын оң куймасы) башталат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4