Тор — кытай-калмак жоокерлеринин куралы . Жылкынын жал-куйрук кылына болот зым кошуп эшилип, узун-туурасы үч-төрт кез чарчы же сүйрү формада түйүлөт. Т-ду көбүнчө коргонуучу курал катары жөө аскерлер колдонушат. Душмандын саюу же чабуу үчүн шилтенген куралына каршы ыргытылып, Т-го жабышкан душмандын куралын анын колунан жулуп алуу же саюуга (чабууга) тоскоолдук кылуу үчүн ыңгайлуу. Ошондой эле чаап келе жаткан атчан жоокердин атынын астына таштап коюп, бутунан Т-го илинген атты үстүндөгү ээси менен кошо жыгып алууга болот; айбат көрсөткөн атчан же жөө куралдуу жоокерге ыргытып, аны туткундоого да ыңгайлуу. "Манас" эпосунда калмак-кытайлардын Т. менен куралданган жоокерлер тобу "Темир аркан торчону Каптап уруш салды эми" (Саякбай Каралаев, 1. 89), — деп сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4