Торопов, Акиндин Маркелович

Торопов, Акиндин Маркелович (1918, Казак ССРи, Семей облусунун, Таврический району, Троицкий айылы) — белгилүү театр сүрөтчү-жасалгалоочу. 1939-ж. Самаркандагы көркөм сүрөт окуу жайын бүтүргөн. Ошол жерде жаш көрүүчүлөр театрында сүрөтчү-сценограф, көркөм сүрөт окуу жайында мугалим. Кыргызстанга келип, Н. К. Крупская атындагы орус драма театрында сүрөтчү, 1947 — 78-жылдары Кыргыз академиялык драма театрында башкы сүрөтчү болуп иштеген. Ал "Манас" эпосуна кайрылып, 1980-жылдары "Чоң казат" полотносун жараткан. Сүрөтчү мында улуу эпостун эпикалык арымын өтө кылдаттык менен даана берүүгө жетишкендиги ар түстөгү боёктордун тереңинде жаткан мезгил духунун таасын чагылдырылгандыгы аркылуу байкалат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4