Торрес кысыгыЖаңы Гвинея менен Кейп-Йорк (Австралия) жарым аралынын аралыгындагы кысык.

Инди (Арафура деңизи) жана Тынч (Шуру деңизи) океандарын кошуп турат. Уз. 74 км, туурасы 150-240 км, кеме өтүүчү жериндеги тереңдиги 7,4 м. Кеме жүрүүгө тоскоол болуучу аралдары, аскалары, рифтери көп. Күчтүү ташкын агымдары болуп турат. Аралдарында меланезиялыктар жашайт. 1605-ж. испаниялык саякатчы Луис Ваэс де Торрес ачкан.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4