Торугарт кырка тоосуИчки Тянь-Шанда, Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгышында. Уззундугу 64 км, туурасы 20 км. Чыгышты карай жапыздап, бөксө тоого айланат. Силурдун аягында пайда болгон кумдук, сланец, чопо тектеринен турат. Тоонун кыры дого сымал түштүкө бир аз ийилген. Орточо бийиктиги 4500 м, эң бийик жери 5108 м. Тоонун түндүк капталы байыркы мөңгүлөрдүн тепши сымал өрөөндөрү менен тилмеленип, этегинде төө карындардын калдыктары жатат. Мөңгүлөр негизинен Муз-Төрдүн алабында жайгашкан. Түндүк капталында 3600 м бийиктиктен жапыз өскөн субалып жана алып өсөт. Түштүк капталы каксоо келет.