Тор канаттуулар (лат. Neuroptera же Planipennia, L. 1758) – курт-кумурсканын толук кубулуу менен көбөйүүчү түркүмү.

Glenoleon rudda.

Денесинин уз. 2-20 мм, канаттарын жайганда жазылыгы 120 ммге жетет. Чоңдорунун ооз аппараты кемирүүчү тибинде, эки жуп тунук тор канаты бар. Личинкаларынын ооз аппараттары сайып соруу тибинде болгондуктан ооздун функциясын орок сыяктуу жаагы аткарат. Тор канаттуулар жырткычтар. Азыр алардын 4500гө жакын түрү белгилүү, көбү тропикте жашайт. Т. к. топуракта, өсүмдүктө, суу жээгинде жана тузсуз суудагы былпылдактардын көңдөйлөрүндө өөрчүйт. Көпчүлүгү токой жана айыл чарба зыянкечтерин кырып пайда келтирет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.