Тосор (Акчий) колтугуЫсык-Көлдүн түш. жээгиндеги булуңча (бухта). Тосор кыштагынан 1,5 км чыгыш тарапта.

Туурасы кире беришинде 1 км, тереңдиги 10 мдей. Көлдөн уз. 1 км, туурасы 0,2–0,3 км келген сайроон аркылуу бөлүнөт. 1930-ж. чейин сайроондун ордундагы кумдук таш такталарынан турган Кайрак а. Болгон; кийинчерээк ал чыгышка карай ыктаган аккумуляциялык тектирге туташып калган. Сайроондун көл жак тарабы кумдук таш такталарынан турат, колтук жагы кесек кумдуу келип таманында ылайлуу кум жатат. Чыгыш жээги кумдуу, түштүгү фитоген баткактуу. Кеме токтогонго ылайыктуу. Батыш жээгинде маяк орнотулган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2