Тоют өсүмдүктөр түшүмдүүлүгү, тамырындагы малга керектүү заттары жана аш болумдуулугу менен айырмаланат. Тоют өсүмдүктөргө тоют кызылчасы, тоюттук сабиз, турнепс, тоют брюквасы кирет. Республикада тоют кызылчасы жана турнепс айдалат. Тоют кызылчасы менен тоюттандырганда саан уйлардын сүтү көбөйөт, бордолуучу торпоктордун салмагы тез жогорулайт. 100 кг салмактагы тоют кызылчасында 12,4 тоют бирдиги болсо, ошондой эле салмактагы жалбырагы 10 тоют бирдигине барабар. Жалбырагын саман менен аралаштырып витаминдүү ун жасаса 16–18% протеин кармайт. Эгер гектарынан 800 ц кызылча, 400 ц жалбырагы алынган болсо, анда 1 гектар аянттан 15600 тоют бирдиги алынып, саан уйлардан тоют кызылчасынын эсебинен 13–14 ц сүт алынары эсептелген. Кыргызстандын шартында тоют кызылчасынын «Эккендорф сарысы» деген сорту эгилет. Тамырында 9–12% кургак зат кармалат. Ал эми турнепс болсо, республикабыздын Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында эгилип, гектарынан 495-570 ц түшүм алынат. Тоют өсүмдүктөрдүн тамыры 100–110 күндө өсүп жетилет. Турнепстин «Шестимесячный скороспелый», «Эсти Наэрис» деген сорттору белгилүү, бирок алардын сакталуусу начар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү