Тоңголок -

1) жер бетинде жаан же туман тамчыларынын 0°Сден кыйла төмөнкү температурада тоңушунан пайда болгон тыгыз муз катмары. Кара тоңголок, каткалаң деп да аталат. Тоңгон муздун калыңдыгы бир нече смге жетет. Тоңголок учурунда бутактар сынып, зым үзүлүп, айдоо зыянга учурайт.

2) Жер бетинде ала шалбырт болуп турган мезгилде түнкүсүн болгон сууктан эрип турган ылай, баткактын убактылуу тоңушу (кара тоңголок).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2