Тоң жерден тайгаланып түшүү

Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 5—10 киши.

Оюн тайгак дөбөдө, дөңдө өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Оюнчулар тайгаланып түшчү дөңгө чыгышып, бир биринин артынан бир катар болуп турушуп, оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Оюнчулар биринин артынан бири жылгаяк тап түшүшөт. Оюн, оюнчулардын каалаган убактыңа чейин уланат. Дөңдөн алыстыкка жылгаяктап барган оюнчу, оюндун жеңүүчүсү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Түз жерде тайгалануу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир оюнчу тайгаланып дөңдөн түшүп, болмоюнча, экинчи оюнчуда тайгаланууну баштоого, бир бирине тоскоолдук кылууга, оюндун кезегин бузууга болбойт.

Оюнга методикалык көрсөтмө түзөтүү

Оюн өткөрүлүүчү жер башка буюмдарсыз болушу керек.

Оюндун педагогикалык мааниси түзөтүү

Оюнда күч тарбияланат, тайгалануунун ыкмаларын, чечкиндүүлүккө, тең салмакты сактоого үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү