Тоң минералдуу суусу — Кереге-таш жылуу суусу - Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы дарылык касиети бар радондуу арашан булак Бөкөнбаев кыштагынан 28 км түштүк тарапта, Тескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы Жылуусуу өрөөнүндө, деңиз деңгээли 3040 м бийиктикте жайгашкан. Жергиликтүү элге илгертен белгилүү. 1915-ж. геологиялык маалымат берилген. Суу палеозойдун башталышында пайда болгон порфилүү граниттердин арасындагы тектон жаракалардан грифон түрүндө атырылып чыгат. Суу тузсуз, даамсыз, күкүрттүү суутек жыттанат. Составы боюнча сульфат-хлорид-натрий-кальцийлүү. Суунун жалпы минералданышы 900-1200 мг/л. Суу муун,нерв,тери жана гинекология ооруларын киринүү жолу мене дарылоого жарамдуу.