Тоң шаар чалдыбары – 6–12-кылымга таандык шаардын калдыгы. Орто Азиядан Чыгыш Түркстанга кетүүчү байыркы кербен жолдун боюнда турган. Жергиликтүү эл Кандөбө деп коюшат. Шаар чалдыбары Тоң суусунун боюндагы Туурасуу кыштагынын жанынан орун алган. Убагында шаар 10 га аянтты ээлеген. Казуу убагында турак жай калдыктары, карапа идиштер, тыйындар, темир буюмдар, жаргылчак, тегирмендин ташы табылган.

Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамалекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.