Тоң (топоним) - жер кыртышынын нөлдөн төмөн же нөл температурада болгон жана жер астында музга аралаш тоңуп жаткан үстүнкү катмары.

Тоңуп жаткан убактысына жараша убактылуу жана мезгилдүү, ошондой эле көп жылдык тоң болуп бөлүнөт (к. Көп жылдык тоң). Топоним катары да кездешет, мис., Кыргызстанда «тоң» деп аталган суу, ашуу, кыштак, район, шаар чалдыбары ж. б. географиялык объектилер бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4