Траектория (лат. trajectorius - жылышууга тиешелүү) - кыймылдагы материалдык чекиттин мейкиндикте сызган үзгүлтүксүз сызыгы; нерсе кыймылдаганда артында калган изилдөө Траектория түз жана ийри сызыктуу болот.

Буга жараша материалдык чекиттин кыймылы түз сызыктуу же ийри сызыктуу деп аталат. Эркин материалдык чекиттин кыймылынын Траекториясы чекитке аракет эткен күчтөргө, кыймылдын баштапкы шарттарына жана кыймыл кайсы эсептөө системасына салыштырмалуу каралышына көз каранды. Борбордук тартылуу талаасында кыймылдаган чекиттин Траекториясы баштапкы ылдамдыктын маанисине жараша эллипс, парабола же гипербола (айрым учурларда туз сызык же айлана) түрүндө болот. Мис., чөйрөнүн каршылыгын эсепке албай, Жердин тартылуу талаасында, анын бетине жакын жайгашкан материалдык чекитке горизонталдык багытта берилген Э0 ылдамдыгынын маанисине жараша чекиттин Траекториясы төмөнкүдөй болот: &0=y[gR =7,9 км/с (биринчи космос ылдамдыгы) болсо - айлана; Э0= y[2gR = =11,2 км/с (экинчи космос ылдамдыгы) болЖердин радиусу, g - Жердин бетине жакын аралыктагы оордук күчүнүн ылдамдануусу. Жипке илинген анчалык чоң эмес жүк эркин эмес чекитке мисал болот. Эгерде жүктү тең салмактуулук абалынан чыгарып, баштапкы ылдамдык бербей коё берсек, анда ал айлананын жаасы болгон Траекторияны сызат. Ал эми баштапкы ылдамдык берүүдө, анын Траекториясы татаал ийри сызык формасында болот. Катуу нерсенин чекиттеринин Траекториясы нерсенин кыймылына көз каранды. Нерсе алга умтулуу кыймылына келсе, анын бардык чекиттеринин Траекториялары бирдей, ал эми нерсе башка түрдөгү кыймылда болгон учурларда нерсенин ар башка чекиттеринин Траекториялары ар түрдүү болот. Мис., түз жолдо жүрүп бараткан автомобилдин кузовунун чекиттеринин Траекториялары жолго салыштырмалуу түз сызык, ал эми дөңгөлөктөрүнүн борборлорунан башка чекиттеринин Траекториялары - циклоида. Траекторияны аныктоо теоретикалык изилдөөлөрдө да, көптөгөн практикалык маселелерди чечүүдө да мааниси чоң.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

«Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4